• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташиев: Чоң-Алайдагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болду

Коом 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун ортосундагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу өткөн. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумун Ятимов менен болгон сүйлөшүүлөр майнаптуу болгон.

«Чек арадагы чыңалуу башталгандан бери бир нече жолу сүйлөшүүлөр болду. Азыр Бишкек убактысы боюнча саат бирде гана жолугушуу аяктады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөр майнаптуу болду деп айтсам болот. Анын негизинде 8 пункттан турган бирдиктүү протокол кабыл алдык, ал жакын арада жарыяланат», - деди Ташиев.

Ташиев белгилегендей, чек арага жакын топтолгон укук коргоо жана башка органдардын кызматтарына өз ордуларына кайтуу боюнча буйрук берилип, алар мурда жайгашкан жерлерине, эвакуация болгон тургундар үйлөрүнө кайтарылат.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-июндун таңынан баштап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тажик тараптын такталбаган тилкеге контейнер орнотуусу менен курчуп кеткен. Кийин Чоң-Алай районунун аталган чек арага жакын жайгашкан 5 айылындагы тургундар эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий