• 87
  • 90.41
  • 0.84

Лондондо Кыргызстан үчүн ЕККӨБдүн жаңы 5 жылдык стратегиясынын бет ачары өттү

Саясат 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. 22-октябрында Лондондогу Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын башкы кеңсесинде Кыргызстан үчүн банктын жаңы 5 жылдык стратегиясынын презентациясы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ЕККӨБдин жетекчилиги, Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчиси Улан Жусупов жана ЕККӨБдө эмгектенген кыргызстандыктар катышты.

Жаңы стратегиянын негизги максаты – Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана экономиканын негизги секторлоруна инвестицияларды тартуу.

Элчи Улан Жусупов өз сөзүндө стратегиянын өлкөнүн инфраструктурасын модернизациялоо, жеке секторду колдоо, "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана санариптештирүү боюнча амбициялуу пландарын ишке ашыруудагы маанисин белгиледи.

"Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Быйыл 100дөн ашуун жаңы ишканалар ачылып, өнөр жайдын жана жумуш орундарын түзүүнүн олуттуу ийгиликтерин көрсөтүүдө. Өлкө экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, акыркы үч жылда ИДӨнүн өсүү темпи орточо 7%ды түздү", - деп билдирди элчи.

Стратегиянын презентациясы Кыргызстан менен ЕККӨБдүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калды. ЕККӨБдүн жетекчилиги Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтерди белгилеп, өлкөдөгү экономикалык реформаларды жана инвестицияларды колдоону улантууга даяр экенин билдирди.

Иш-чара кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен ЕККӨБдө иштеген кыргызстандыктар Элчи менен стратегиялык маселелерди талкуулап, өз суроолорун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бейрасмий жолугушуу менен жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн: ЕККӨБ Кыргызстан менен кызматташтыгынын жылдарында жалпы суммасы 996 миллион евро болгон 248 долбоорду ишке ашырды. ЕККӨБдүн беш жылдык стратегиясы Кыргыз тарап менен биргелешип иштелип чыккан жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана инновацияларды жана жаңы технологияларды колдоого багытталган.

Беш жылдык стратегиянын негизги артыкчылыктары:

Жеке секторду өнүктүрүү:

  • кичи жана орто бизнестин өсүшүн стимулдаштыруу.
  • атаандаштыкты жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү.

Инфраструктуралык долбоорлор:

  • транспорттук жана коммуналдык инфраструктурага инвестиция тартуу;
  • транспорттук тармактарды модернизациялоо;

"Жашыл" экономикага өтүү:

  • көмүр кычкыл газын чыгарууну азайтуу демилгелерин колдоо;
  • жаңылануучу энергия жана энергия үнөмдөө долбоорлорун илгерилетүү, анын ичинде чакан ГЭСтер жана "жашыл" технологиялар;

Санариптештирүү:

  • экономиканын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды ишке киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий