• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Лондондо Кыргызстанда тартылган "Жети уруу, жети ата" даректүү тасмасынын бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Лондондо австралиялык режиссер Питер Дэвистин Кыргызстанда тарткан "Жети уруу, жети ата" даректүү тасмасынын дүйнөлүк бет ачары өттү.

Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, тасманын дүйнөлүк бет ачары Лондондогу The Garden Cinema кинотеатрында өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган.

Тасма адаттан тыш түрдө тартылган жана өзгөчө визуалдык баяндоо стилине ээ болуп, анын үстүнөн режиссёр Питер Дэвис менен продюсер Жош Уильямстын чыгармачылык дуэти иштеген.

Режиссер Питер Дэвистин айтымында, тасманын соңунда көрүүчүлөр кыргыз маданияты тууралуу кененирээк маалымат алышып, кыргыз маданиятын жогору баалашкан.

"Биздин кыргызстандык өнөктөштөр Тенти Групп жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Борбор Азиянын маданиятын жана элин дүйнө менен уникалдуу түрдө бөлүшүү үчүн кызматташуу абдан жакшы болду. Мени ар дайым "Манас" эпосу кызыктырчу жана манасчы Өмүрбек Токтогулов менен иштешип, тасма тартуунун жаңы ыкмасын сынап көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Биз дүйнө жүзү боюнча эски жана жаңы окуяларды ушул стилде жашоого алып келүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз", - дейт Питер Дэвис.

"Жети уруу, жети ата" тасмасында кыргыздын маданий каада-салттары, көк бөрү, бүркүт менен мергенчилик, Бишкектин заманбап шаар турмушуна, автоунаа маданиятына карама-каршы коюлган.

Бет ачардан кийин тасма интернеттеги ачык булактарда жеткиликтүү болду. Аны Youtube`дан бул шилтемеден көрө аласыз.

Пикир

Оставить комментарий