Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мүмкүнчүлүк түзүлүп берилүүдөбү?

Аналитика 0

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун маалыматына ылайык угуусунан жабыркаган майыптардын саны 3750нү түзөт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган ишканаларда 500гө жакыны иштейт. Калгандарынын тагдыры эмне болууда? "Кабар" маалымат агенттиги майыптардын ичинен угуусу начар жана керең адамдардын коомдогу орду жана кайсы кесип менен алектене алаарын изилдеп көрдү.

Угуусу начар жана керең балдардын алгачкы билими №21 атайын жатак мектебинде өтөт. Мектептин директорунун орун басары Акназарова Замира, окуу жай 1972-жылы ачылып, Кыргызстандын бүт регионунан угуусу начар жана керең балдарды окутаарын айтат. Учурда 332 окуучу билим алууда.

“Бизде окуучулар 10 жана 12 класс окушат. Башка мектепте 9 менен 11 класс окушат эмеспи. Ошондо окуу программасы бир жыл артта болот. 10-классты бүткөндө 9-классты бүтөндүгү тууралуу аттестациясын беребиз, 12-классты аяктаганда 11-класстын аттестациясын колдоруна карматабыз”, — дейт Акназарова.

Мектепти аяктаган окуучулар №27, 5,18, 95 сыяктуу кесиптик лицейлерге өтүшөт. 12 класс окугандар жогорку окуу жайга тапшырышаарын Акназарова кошумчалап кетти.

“2017-2018 окуу жылында 19 окуучу мектепти бүтүрүштү. Окуучулар ар кайсы кесиптик лицейлерге тапшырышты. Лицейлер менен тыгыз байланыштабыз, жаз айларында балдар менен барып турабыз. Окуу жайга өтпөй калгандар да бар, бирок баары ата-энесине байланыштуу. Кээ бири айылга алып кетет, мүмкүн мал багышат. Жалпысынан ата-энеси жардам берсе, баланын кызыгуусу болсо окуусун улантат”, — деди орун басары.

Балдарды кесипке даярдаган лицейлердин бири №5 окуу жай. Лицейде 480 окуучу билим алат. 2 жыл ичинде балдарды курулуш кесибине даярдап, окууну аяктаганда жумуш менен камсыз кылуу жагы да каралган.

Лицейдин директору Айдараалы Айтмырзаевдин айтымында, жылына 270 окуучу кабыл алып, эмерек жасоочу жыгач уста, шыбакчы-жасалгалоочу, электр-газ ширетүүчү сыяктуу кесипке балдарды даярдайт.

“№21 мектептен келген балдардын угуусу начар деп өзүнчө бөлбөйбүз. Жалпы группага эле кошуп билим беребиз. Өздөрүн бөлбөсүн, башка балдар менен тең сезип окусун деп бирге окутабыз. Сабагынан жетишпей жатса ар бир группага уста бөлүнгөн, ал колунан келген жардамын берип баланын кесипти мыкты өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт. Окуу бюджеттик негизде болгондуктан көбүнчө көп үй-бүлөлүүлөрдөн, ата-энеси жок балдар билим алышат”, — дейт Лицейдин директору.

Айтмырзаев, бүтүрүүчүлөрдүн 90 пайызын жумуш менен камсыз кылып берээрин белгилеп кетти.

Бишкек шаарындагы №1 ишканасында тигүүчү болуп иштеген Оксана Ломова аталган мектепке 1999-жылы тапшырган. Төрөлгөндө эле угуусу начар болгон.

“Менин бала кезим Бишкекте өткөн, бул жакта да төрөлгөм. №21-мектептен окуумду баштап 8-класска чейин окугам. Андан кийин окуган эмесмин, иштеген да жокмун. Жумуш маселеси кыйынга турду. Окууну да толук бүткөн жокмун. Классташтарым информатика тармагына, торт жасаган багытына кетишкен. Ошондой эле кара жумуш менен иштегендери да бар. Көпчүлүгү жумушсуз. №1 ишканада менин курбум иштечү, мени бул жакка чакырган. 4 жылдан бери тигүүчү болуп иштейм”, — деп Ломова өз оюн билдирди.

Оксана Ломованын күйөөсү да ал ишканада иштейт. Анын айтуусунда, күйөөсүнүн дүлөй майыптыгы бар болсо да балдарынын угуусунда мындай маселе жок.

Канат Жапаров 2013-жылы №21 мектепти бүтүргөн. 1-классында орто мектепте тапшырып окууга кыйын болгондуктан апасы угуусу начар жана керең балдарды окуткан мектебине алып барган.

“Мен 1994-жылы 7айлык болуп төрөлгөм. Көп ооругандыктан кулагым жакшы укпай калган. Башында Бишкектеги орто мектептин биринде окудум. Жакшы укпаганымдан балдар күлө баштады. Өзүм да кыйналып кеттим. Апам аны билип калып ал мектептен алып кетти. Билим берүү министирлигине чалып ушул мектепти тапкан. 2-класстан баштап №21 мектепте окуй баштагам. Бул мектеп жөнүндө көп нерсе айта алам. Мени адам болууга, сүйүүгө, достукка үйрөттү. Чоң империя болчу. Кыйынчылыктар болгондо мен ал жерге барып турам”, — деди Жапаров.

Окууну бүтүп жатканда аталган мектептин окуучулары ЖРТдан (жалпы республикалык тестирлөө) эң көп дегени 95 балл алышкан. Алардын бири Канат эле.

“ЖРТ биз 95 баллдын тегерегинде алганбыз. Бизди салыштырууга болбойт, жакшы уккан адамга бир айтсаң түшүнөт. Угуусу начарларга бир нече жолу айтыш керек. Бизде мындай окуя болду. Ак үйгө барып калдык, “окууну бүтүп жатабыз, кайсы жакка тапшырсак болот, ЖРТдан жеңилдиктер барбы”, деп сураганбыз. Бизге сурдокотормочу менен атайын факультет ачып беребиз деген. Бирок бири дарыгер, бири юрист болгусу келбей аягында ишке ашпай калды”, — деп билдирди Жапаров.

КЭУнун өтүү баллы 95 болуп, Канат ал окуу жайга тапшырып калат. Угуусу начар болгондуктан лекцияны токтотуп суроо бергени мугалимин ошол эле учурда группалаштарынын кыжырына тиет.

“Университетке классташтарымдан 3 адам тапшырды. Калганы кара жумуш менен алектенип калды. Мен 1-курсту эле окудум. Группалаштарым сабакты укпай калып сураганда “болдучу” деген күндөр да болду. Тыштан окуу бөлүмүнө которулуп кеткенмин. 5 жыл окудум, анан байкемдин жардамы менен Кантка иштеп калдым. Ошол учурда “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунда каттодо тургам. Ал коомунун төрагасынын орун басарына адам тандалып жатыптыр. Мен менен 6 адам катышты. Коомдун аксакалы делген Эдуард Петрович мени колдогон. Ошондон азыркы учурга чейин орун басары болуп иштеп келем”, — дейт өз сөзүндө Жапаров.

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун төрагасы Ташбаев Мараттын айтымында, аталган коомго катталган майыптардын саны 9421, алардын 4646сы көзү азиздер, 3750ү дүлөй (угуусу начар жана керең) майыптыгы бар адамдар. Ташбаев, Кыргызстандагы майыптарды бириктирүү менен алдыга жылуу башкы максат экенин айтат. Майыптарды реабилитациялоо, жашоосун, жумуштарын жакшыртуу жана дене тарбия менен алектенүү сыяктуу иштерди аткараарын кошумчалап кетти.

“Майып адамдарга көбүнчө коомдук транспорттордо кыйынчылык жаралат. Тротуарлардын ортосунда бак өсүп жатат азиз адамдарыбызга оор келет. Ошондой эле азыркы кылымды “маалыматтык кылым” деп коет. Ал эми маалымат, жаңылыктарды сурдокотормочу жок түшүнүшпөйт. Бүт эле каналды ачып карасаң анысы каралган эмес”, — дейт коомдун төрагасы.

Ташбаев, Кыргызстанда майып балдар үчүн 5 мектептин экөөсүндө азиз балдар окуса үчөөндө угуусу боюнча майыптыгы бар балдар билим алышат. Балдар 18 жашка чейин билим берүү жана илим министрлигине карайт, 18ге толгондон кийин өз каалоосу менен “Азиздер жана дүлөйлөр” коомуна кошула алаарын билдирди.

“Биздин 11 ишканабыз бар, кийим тигүүдөн баштап эмерек жасоого чейин ар кандай буюмдарды чыгарабыз. Керек болсо ал ишканаларда иштегенге адам жетишпейт. Каттоодо турган 9 миң кишиден 500нүн эле майыптыгы бар адамдар иштейт. Жумуш жагынан жардам беребиз келсе. Бирок, ал жаштардын кимиси ишканага иштегиси келет”, — деп Ташбаев өз оюн ортого салды.

Даярдаган Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий