• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Үмүт үйү" соцмекемесинде эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаадагы "Үмүт үйү" карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде майрамдык иш-чара болуп өттү.

Борбордун кызматкерлери мекеменин жашоочуларынын арасында “Кыргыз жерим – асыл мурасым!” деген темада сынак өткөрүп, сынактын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларга белектер тапшырылып, майрамдык сый тамак уюштурулду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы "Үмүт үйү" карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде 202 адам жашайт.

Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, жеке кызматтар акысыз көрсөтүлүп, ошондой эле кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектүү буюмдар менен толук камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий