Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына талапкерлигин көрсөтүп жатканда, калктын жашоо деңгээлин көтөрөм деп айткан эле. Ошол мезгилге саресеп салып эске салсак, элдин жашоо турмушу, өзгөчө пандемиядан кийин оорлоп, мурдагыдан бир топ төмөндөп кеткен. Ошондогу бийлик пандемияга туруштук бере албай, жүйөөлүү чечимдерди кабыл ала албастыгын ачык көрсөткөн. Эл өзү менен өзү болуп, элден элге деп, бири-бирине кол сунуп, биримдигин көрсөтүп, оор абалдан чыккан. Кыргыз элинин пандемия менен күрөшкөнүнө бүт дүйнө күбө болуп, суктангандарын жашырган эмес.
Садыр Жапаров ал кезде, эч кандай кызматта эмес эле. Бирок, ошондо эле элди кыйынчылыктан чыгаруунун, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн жолдорун ойлонгонун айтканы бар.
«Моюнга алышым керек, азыркы шарттарга байланыштуу акыркы жылдары элибиздин тагдыры, муунубуздун башына түшкөн оор күндөр, бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жаткандыгыбыз жөнүндө ойлонууга үлгүрдүм. Көз каранды эмес мамлекетте бактылуу жана эркин жашоого тийиш элек. Туруктуу өсүү жана ийгиликтүү өнүгүү жолуна кантип түшө алабыз деп көп ойлондум. Позитивдүү өзгөрүүлөргө жетүүнүн эң кыска жана кепилденген жолу кайсы? Элимдин эң негизги сыры жана пайдаланылбай жаткан потенциалы эмнеде?», - деген ойлор келген деген Садыр Жапаров.
Бийликке келгенде биринчи кезектеги милдети кыргызстандыктардын билим деңгээлин жана медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу болду. Ошондой эле маданиятты, адамдын рухий жана физикалык ден соолугуна толук кандуу камкордук көрүүнү көздөгөн. Маалым болгондой, президент катары биринчи чечими “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы” боюнча Жарлыкка кол койгон.
Анын айтымында, мамлекетибиздин эң негизги байлыгы – бул анын эли.
«Кыргызстандын эли көп улуттуу, таланттуу, чыдамкай, өжөр жана эмгекчил. Жаратылыш жана тарых биздин өлкөгө көптөгөн пайдалуу кендердин запастарын берген. Биздин тоолор көптөгөн ресурстарга бай. Биздин жер өзгөчө кооз. Биздин өлкө дарыяларга жана таза сууга толгон. Кыргызстандагы бардык шарттар ыңгайлуу жана бактылуу жашоону курууга өбөлгө түзөт”, - деген ошондо Садыр Жапаров.
“Аз убакыттын ичинде мамлекетте 30 жылда жасалбаган мыкты иштер жасалды. Себеби, Кыргызстандын ар бир жараны мамлекет үчүн ак дилден иштеп бере турган учур келет экен. Мына ошол учур келип, Садыр Жапаров саясий эркин, өзүнүн адамгерчилигин, граждандык күчтүү позициясынын негизинде Кыргызстанда акыркы жылдарда мыкты ийгиликтер жаралды деп айтсак болот. Мына ушул ийгиликтердин бардыгы Кыргызстандын эртеңки келечеги жаркын боло тургандыгын далилдейт,”- дейт Улуттук илимдер академиясынын вице президенти, академик Чолпонкул Арабаев.
Ооба! Акыркы үч жылда республиканын жетекчилиги адегенде экономикалык абалды турукташтырууга жетишти, андан кийин туруктуу өнүгүү механизмдерин ишке киргизди. Эксперттер белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун саясий эрки болбосо мындай масштабдуу жана терең трансформацияларды ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен мамлекеттик башкаруу системасына кирип, тамырын жайган коррупциялык элементтерден жана уюшкан кылмыштуулуктан ири тазалоо башталган.
Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлерин түп тамыры менен жок кылуу жана чоң кызматтарды ээлеген уурулардын камалышы, көптөгөн мыйзамсыз менчиктештирилген ишканалардын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин, автобекеттердин, айыл чарба жерлеринин жана турак-жай куруу үчүн ири жер участоктору мамлекетке кайтарылышына шарт түзүүгө мүмкүндүк берди. Заводдор жана фабрикалар кайра ишке кирип, мамлекет үчүн иштей баштады. Конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинде жүздөгөн ар кандай объектилер бар. Мындан тышкары коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке миллиарддаган доллар, ондогон миллиард сом түшкөн.
Бул каражаттардын бир кыйла бөлүгү биринчи кезектеги социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Азыр бүтүндөй республика боюнча мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында кичирайондор курулуп жатат, 40 миң үй бүлө батирлүү болот. Мындан тышкары борбордо эле эмес, аймактарда да ондогон ооруканалар, мектеп, бала бакчалар курулуп жатат.
Соңку жылдары Кыргызстанда ондогон чакан жана орто ГЭСтер ишке киргизилди, курулуш же долбоорлоо стадиясында андан да көп ГЭСтер кезекте турат. Буга катар, эскирген жана мөөнөтү өтүп кеткен энергетикалык жабдуулар алмашылып жатат. Токтогул ГЭСиндеги эскирген жабдуулардын жана агрегаттардын алмаштырылуусу станциянын иштөө мөөнөтүн ондогон жылдарга узартып, ишенимдүүлүгүн жана өндүрүлгөн кубаттуулугун жогорулатты. Белгилүү болгондой, өлкөнүн негизги энергетикалык объектилери толук реконструкциялоо 2025-жылга чейин аяктайт.
Мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү көз каранды болгон стратегиялык чөйрөдөгү башка маанилүү объекттерде да модернизация иштери жүргүзүлүүдө. Албетте, Кыргызстан үчүн эң маанилүү болгон долбоор - Камбар-Ата 1 ГЭСинде ири курулушка даярдык иштери башталган. Ал өлкөнүн энергетикалык керектөөсүн толугу менен камсыздагандан сырткары, станциянын дамбасы Нарын дарыясында сууну жөнгө салуучу маанилүү ролду ойнойт, бул Борбордук Азия чөлкөмүндө энергетикалык тең салмактыкка жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстандын бардык аймактарында жолдор оңдолуп, асфальт төшөлүп, Кара-Кече кенине чейин темир жол линиясын тартуу иштери жүрүп жатат. Бардык облус борборлорунда жана ири шаарларда аэропорттор модернизацияланууда.
Алыскы райондор менен борбордун ортосундагы транспорттук байланышка да көңүл бурулууда. Бийлик бүт өлкөнү аба көпүрөлөрү менен байланыштырып, калк арасында суроо талап бар, бардык багыттарга үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул үчүн Кыргызстандын аба флоту жаңыланып, алар азыртан эле жаңы авиалайнерлерди сатып алууда.
Экономикадагы жыйынтыктарга кайрылсак, кайра куруулардан бардык тармактар оң натыйжа бериптир. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай, өлкөдө ИДПнын көлөмү 9%дан ашык өсөт. Эң маанилүүсү - экономиканын реалдуу сектору өнүгүп, күч алууда. Айыл чарбасындагы чоң өзгөрүүлөр орун алып, кластерлерди өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун ишенимдүү киреше менен камсыз кылууга жардам берди. Улуттук валюта туруктуу, жарандардын реалдуу кирешелери акырындап өсүүдө. Экономикадагы позитивдүү өзгөрүүлөр бюджетти акча менен толтурууга мүмкүндүк берди. Мындай көрсөткүч пенсияларды жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүүдө.
Эксперттер белгилегендей, мындан бир нече жыл мурун биз азыркы жетишкендиктерге жетүү жөнүндө кыялданчу эмеспиз. Жакында экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде, өнүгүүдөгү ийгилик башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугу менен аныкталарын баса белгилеген. Мамлекетти өнүктүрүү маселелерине болгон мамиле өзгөрүп, мындай сапаттуу кайра жаралуулар Кыргызстанда Садыр Жапаров башкаргандан кийин боло баштаганын белгилеген.
«Жетекчиликтин чебер иш-аракеттеринин аркасында Кыргызстандын экономикалык абалы жакшырып, азыр бардык негизги көрсөткүчтөр жогорулоодо. Туура тандалган стратегиянын жана колдонулган куралдардын аркасында оң натыйжага жетишилди. Бул өзгөрүүлөрдүн баары 2020-жылдан кийин башталганы жашыруун эмес.
Көмүскө акча жүгүртүү азайып, коррупцияга каршы күрөш оң натыйжасын берип, мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Эң негизгиси бул ресурстар туура пайдаланылган жана керектүү жерге багытталган. Өзгөрүүлөр мамлекеттин ичинде гана болгон жок, Кыргызстан таптакыр жаңы имидждин – ишенимдүү өнөктөш статусуна ээ болду. Ошондуктан өлкөгө олуттуу инвестициялар келди жана келүүдө», - дейт Төлөнбек Абдыров.
Экономикалык өнүгүү жагынан Кыргызстандын өкмөтү келечекке тайманбастык менен пландарды түзүп жатат. Президент 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллиард долларга жеткирүү милдетин койду. Ири инфраструктуралык долбоорлор түптөлүп, алар өлкөнүн жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн келечектеги ондогон жылдардагы өнүгүүсүн аныктайт.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий