• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маданият министри Алтынбек Максутов иш сапары менен Катарга барды

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов иш сапары менен Катарга барды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр 25-26-сентябрь күндөрү Доха шаарында өтүп жаткан "Ислам дүйнөсүндөгү маданий ишмердүүлүктү жаңылоого карай" аттуу XII конференцияда сөз сүйлөдү. Иш-чара Катардвн Маданият министрлиги менен биргеликте билим берүү, илим жана маданият боюнча ислам уюму (ИСЕСКО) тарабынан уюштурулган.

Министр өз сөзүндө глобалдык өзгөрүүлөр жана чакырыктар доорунда маданий ишмердүүлүк улуттун иденттүүлүгүн калыптандырууда жана эл аралык байланыштарды чыңдоодо негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле баяндамада маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгү, заманбап чакырыктар, инклюзивдүүлүк жана көп түрдүүлүк темаларына токтолду. Министр маданий мурас жана заманбап искусство бирге өнүгө турган мейкиндикти түзүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий