• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Бакен Кыдыкееванын бюсту орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын фойесине СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын бюсту орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев баштаган театр ишмерлери жана Б. Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине карата өтүп жаткан "АРТ ОРДО 2023" эл аралык театр фестивалынын калыстар тобу катышты.

Бюстун автору скульптор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садабек Ажиев.

Белгилей кетсек, 2005-жылы 25-декабрда Бакен Кыдыкееванын ысымы өзү эмгектенген жаштар театрына берилген.

Пикир

Оставить комментарий