• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жаманкулов Сауд Аравиянын спорт министри менен кызматташтыкты талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. 28-февралда КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз Бин Турки Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар спорт жана этноспорт жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулап, Азамат Жаманкулов улуттук спорттун түрлөрүн, көчмөн элдердин уникалдуу маданиятын жана мурастарын сактоого багытталган "өчмөндөр ааламы", "Дүйнөлүк этно оюндары" жана "Мен көчмөнмүн" долбоорлорун ишке ашырууну сунуштады.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз бин Турки Аль Сауд сунушталган идеяларды колдоп, ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Ал эми Азамат Жаманкулов Абдулазиз бин Турки Аль Саудду Кыргызстандын уникалдуу маданияты, жашоосу, жаратылышы менен жакындан таанышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, ошондой эле Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жолугушууга кызыкдар экендигин маалымдады..

Пикир

Оставить комментарий