• 87
  • 90.41
  • 0.84

Маданият министрлиги кичи-футбол боюнча турнир өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 09.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Газпром — балдарга” ден соолукту чыңдоочу комплексинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу уюмдардын кызматкерлери арасында кичи-футбол боюнча “Министрдин кубогу” турнири өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, турнир 2-ноябрда белгиленген Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду.

Мелдешке маданият жана спорт тармагындагы мекемелердин атынан сегиз команда катышты: Дене тарбия жана спорт департаменти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кызматкерлери, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры, Бишкек шаардык драма театры, ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери жана режиссерлору, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Маданият министрлигинин командасы.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй орундарды ээледи:

• 1-орун – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын командасы;

• 2-орун – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин командасы;

• 3-орун – Дене тарбия жана спорт департаментинин командасы.

Ошондой эле таймаштын мыкты оюнчулары аныкталды.

Жеңүүчүлөргө жана сыйлык ээлерине кубоктор, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий