• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маданият министрлиги комузчулар арасында республикалык кароо-сынак өткөрөт

Маданият 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комузчулар арасындагы республикалык кароо-сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, сынак залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат. Иш-чаранын максаты комузчунун күүчүлүк чыгармачылыгын кийинки муунга аздектеп сактап калуу, жаштар арасында комуз өнөрчүлүгүн тереңдетүү жана комузчулардын чыгармачылыгын жогорулатуу болуп саналат.

Кароо-сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмеси, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы тарабынан уюштурулууда.

Сынакка катышууну каалагандар талаптарын, өткөрүү мөөнөтүн, ордун билүү жана башка суроолор үчүн төмөнкү номерлер аркылуу байланышып биле алат: 0700075274, 0558 20 06 17, 0553204305, 0709385432.

Пикир

Оставить комментарий