• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда УКМК кызматкерлери үчүн спорткомплекси пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгына жаңыдан курулган спорткомплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери да күбө болушту.

"Атайын кызматтын кызматкерлери ар дайым ыкчам даярдыкта болушу керектигин, ден соолукту чыңдоо жана спорт менен машыгуу күч тузүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн күнүмдүк талап. Шарттардын жакшыртылышы менен өлкө башчысы тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы талаптар дагы күчөтүлүп жатат", - деп баса белгиледи Ташиев.

Спорткомплекси заманбап спорт жабдыктары менен жабдылып, машыгуу жана ден соолуктуу чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий