• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кытайлык адистер Ысык-Ата районунда археологиялык казууларды жүргүзүшөт

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кытайлык адистер Ысык-Ата районунда археологиялык казууларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шэньси провинциясынын Парткомунун катчысы Чжао Идэ баштаган Кытай делегациясы Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, райондун акими Алмазбек Осмонов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай делегациясы Ысык-Ата районундагы "Красная-Речка" -"Навекат" байыркы шаарчасында болуп, тарыхый шаарча менен таанышты.

Жыйынтыгында Шэньси провинциясынын Археология институту тарабынан байыркы "Навекат" шаарчасында археологиялык казуулар жүргүзүлөөрү маалым болду.

Белгиленгендей, Навекат" байыркы шаарчасы Vlll-XII кылымдарда Улуу Жибек Жолундагы соодагерлер токтоочу шаарча болгон. Шаарчага археологиялык изилдөөлөр алгачкы ирет 1868-жылы жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий