• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Made in KG. Кыргызстанда чыгарылган лифттер эл аралык стандарттарга толук жооп берет

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Акназик Тургунбаева– Кабар/. Кыргызстанда алгачкы SKY Industrial Group көп тармактуу заводунун эки жылдагы алгылыктуу иштери тууралуу ишкананын жетекчиси Рахат Жунушбаева маалымат жыйында айтып берди.

Анын маалыматына караганда, ата-мекендик ишкерлерге чет жактарга чыгып, өз продукцияларын көрсөтүүгө жакшы шарттар түзүлүүдө. Мамлекеттин колдоосу жана катышуусу эл аралык жарманкелерде олуттуу каралат.

"Биз өз өлкөбүздө инновациялык технологияларды өнүктүрөбүз. Sky Elevators`тун лифттери өлкө боюнча мамлекеттик жана жеке менчик сектордогу жаңы ачылган обьектилерге орнотулду. Бул заманбап шартта салынган турак жайларда ыңгайлуу жана коопсуз инфраструктуранын стандарттарын өзгөрттү. Ири мамлекеттик курулуш долбоорлору үчүн биздин заводдун лифттери тандалганы – биздин чоң жетишкендик деп баса белгилегим келет. Лифттердин сапаты, коопсуздугу эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе – лифтте кыргыз тилинин орнотулушу. Мындан ары бизден чыгарылган, лифттер кыргызча сүйлөйт жана лифттерде кыргыз күүлөрү жаңырып турат.

Мындан сырткары, Скай Тунук тазалоочу өндүрүш куралдары ишке кирди. Бул - Кыргызстанда экологиялык таза сууну кайра иштетүү боюнча инновациялык чечим болду. “Тунук” тазалоочу өндүрүш куралдары саркынды сууларды кайра иштетип, экосистема үчүн коопсуздукту алып келет. Биздин долбоор Кыргызстандын дарыяларын жана көлдөрүн таза сактоого чоң өбөлгө түзөт. Ысык-Көлгө, Чүйгө, Ошко саркындуу сууларды тазалоочу өндүрүш куралдарын койдук. Экологияны сактап калууда, Ысык-Көлдү сактап калууда биздин салымыбыз зор”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий