• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Транспорт министрлиги жолдордо аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы жолдордо аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, министрликке караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө. Алсак:

- Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолундагы аялдамалардын жана тосмолордун түбүн тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

- Мырзаке — Кара-Шоро жолунун 35-39-чакырымдар аралыгында жол чети тегизделүүдө.

- Өзгөн-Зергер жолунда (19-чакырымы) суунун нугу бурулуп, бекемдөө иштери жүрдү.

- Суусамыр — Талас — Тараз жана Чат-Базар — Арал-Талды — Булак унаа жолдорунда таштандыларды жана кышында чогулган инерттик материалдарды тазалоо, жол четин тегиздөө иштери жүрүүдө.

- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда (299-325- чакырымдар аралыгы) суу өткөрүүчү дренаж каналдарын калыбына келтирүү, инерттик материалдарды тазалап, чогултуу, жол жээгин тегиздөө иштери жүрдү.

Ошондой эле жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт, Кемин-Орловка (0-6-чакырымдар аралыгы), Бишкек — Ош (60-80-чакырымдар аралыгы), Көк-Жар — Ала-Тоо, Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Күн-Туу — Шопоков, Токмок — Кошой, Новопокровка — Сары-Жон, Суусамыр — Талас — Тараз жана Чат-Базар — Арал-Талды — Булак унаа жолдорунда жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий