Евразиянын транспорттук алкагы жана Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы. ЕАӨБ талдоочусунун эксклюзивдүү маеги

Маек 0

Сууну сарамжалдуу пайдалануу жана үнөмдөө, ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жакынкы он жылда Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү факторлору болуп саналат. Чындыгында, аймак сапаттык жаңы жашоо агымына кирип жатат жана анын алдында ачылган перспективалар тыгыз экономикалык кызматташуу тенденциясын колдоо жана анын потенциалын толук ишке ашыруу үчүн олуттуу финансылык инвестицияларды талап кылат.

Алматыда өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес-форумунун алкагында Борбор Азиянын өнүгүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар экени баса белгиленди. “Кабар” маалымат агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, башкы экономисти Евгений Винокуров биздин аймактын келечегин калыптандырууга негиз болгон ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып берди.

— Евразиянын транспорттук алкагын өнүктүрүү бүгүнкү күндө өзгөрүлүп турган эл аралык абалда канчалык маанилүү? Жаңы аймактык логистиканы курууда кандай көйгөйлөр чечилет? Бүтүндөй аймак үчүн өнүгүүнүн ачкычы боло турган инфраструктуралык долбоорлорду атай аласызбы?

Евразиялык транспорттук алкакты өнүктүрүүнүн зарылчылыгы азыркы кырдаалда өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, өзгөчө Борбор Азияда экономиканын жана тышкы сооданын динамикалык өсүшү. Борбор Азиянын беш мамлекетинин жалпы ички дүң продукциясы (ИДП) 2000-жылдан 2023-жылга чейин 10 эсеге өсүп, 458 млрд долларга чейин жетти. Бул чөлкөм жылына орто эсеп менен 6%га өсүүдө – тышкы соодага коюлган чектөөлөр өсүүгө олуттуу тоскоол болуп, анын туруктуулугун начарлатууда. Тышкы сооданын жалпы көлөмү 8,5 эсеге көбөйүп, 226,4 млрд долларды түздү. Ушундан кийин транспортко жана эң ийкемдүү жана эффективдүү логистикага болгон муктаждык өсүүдө. Калктын өсүшү уланууда, 55 млн адамдан 79 млн адамга чейин же 1,4 эсеге көбөйдү, бул керектөө рыногунун сыйымдуулугунун жана товарларга суроо-талаптын өсүшүнө шарт түзөт. Ушундан кийин транспортко жана эң ийкемдүү жана эффективдүү логистикага болгон муктаждык өсүүдө.

Экинчи себеп – Евразиянын ички аймактары (Борбор Азия, Россиянын Сибири) дүйнөлүк океанга түз жолдун жоктугунан жапа чегип келет. Океанга кирүүнүн жоктугу экономикалык өсүшкө 40% “айып” салат. Бул эл аралык тажрыйба.

2024-жылдын 27-28-июнунда ЕАӨБ жылдык жыйынында сунуштаган Евразиялык транспорттук алкактын концепциясы Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарындагы Евразиялык транспорттук алкак коридорлорун бириктирүү үчүн жаңы транспорттук-логистикалык байланыштарды курууга багытталган. Бул жүк агымынын 40%га чейин өсүшүнө шарт түзөт.

Евразиялык транспорттук алкактын эң маанилүү нерсеси – бул бизде салттуу түрдө болгон Чыгыш-Батыш огу боюнча транспорттук байланыштар азыр Түндүк-Түштүк коридорлору жана маршруттары менен толуктала баштады. Бул тарыхый ачылыш жана тарыхый мүмкүнчүлүк. Айрыкча Борбор Азия үчүн. Ал адегенде ошол “айыпты” азайтып, анан транспорттук кесилишке айланууга мүмкүнчүлүк алат. Жолдун кесилишинде жашагандар көбүнчө бай болушат. Евразиялык транспорттук базаны өнүктүрүү Борбор Азия үчүн актуалдуу болгон көйгөйлөрдүн комплексин чечүүгө, маселен, аймактык ички экономикалык байланышты жогорулатуу, региондун өлкөлөрүнүн агроөнөр жай потенциалын ишке ашырууга түрткү берүү, коридорлордун жана логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле физикалык жана физикалык эмес тоскоолдуктарды жоюуга жардам берүүгө мүмкүндүк берет.

Түндүк-Түштүк коридору боюнча жүк ташуулар ылдам өсүүдө. Анын азыр жана алдыда зор келечеги бар. Перспективдүү долбоор катары Өзбекстан жана Афганистан аркылуу Пакистандын Карачи портуна чейин Трансафган коридорун түзүү болуп саналат. Бул коридор Кыргызстанга эң кыска аралыкта Пакистанга жана Түштүк Азиянын башка өлкөлөрүнө жүк жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Мындай долбоорлордун дагы бири – келечектеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан коридору менен байланышууга тийиш болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушу.

Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү эбегейсиз чоң ресурстарды, биринчи кезекте каржыны талап кылат. Региондун өлкөлөрү мындай долбоорлорду ишке ашырууну камсыздай алышабы жана бул иште ЕАӨБ кандай роль ойнойт?

Практика көрсөткөндөй, коридорлорду, өзгөчө автомобиль жана темир жолдорду өнүктүрүүнү каржылоодо мамлекеттик бюджет чоң роль ойнойт. Ошол эле учурда, өзгөчө тоолуу шарттарда жаңы коридорлорду түзүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде да улуттук деңгээлде жок көлөмдөгү финансылык ресурстарды талап кылат.

Ошондуктан ири транспорттук долбоорлорду, анын ичинде транс чек аралык долбоорлорду каржылоодо жеке инвесторлордун жана эл аралык өнүктүрүү банктарынын (ЭӨБ) ролу жогорулап жатат. Мында ири транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ЭӨБ колдоосун түзүү өзгөчө роль ойной алат.

ЕӨБ евразиялык транспорттук алкакты түзүүгө активдүү катышууда. Банк автомобиль жолдорунун курулушун (атап айтканда, жакында пайдаланууга берилген Чоң Алматы айланма жолу), темир жана автомобиль жолдорун куруунун бир нече техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгууну каржылайт, локомотивдерди жана кыймылдуу түзүлүштөрдү сатып алууну каржылайт.

— Ар кайсы өлкөлөрдүн климатологдору Борбор Азияда суунун аз болушунун күтүлүп жаткан узак мөөнөттөрү тууралуу айтып жатышат. Бул аймактын азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугуна кандай таасир тийгизиши мүмкүн, буга даярданууга канча убакыт керек жана кесепеттерин азайтуу үчүн эмне кылуу зарыл?

Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө кабыла турган өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул жерде температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн тез көтөрүлүп жатат. Кургакчылык жана суунун аз болгон мезгили көбөйдү.

Дарыялардын гидрологиялык режими жана жер астындагы сууларды коргоо шарттары өзгөрүүдө. Мөңгүлөрдүн аянты тездик менен кыскарууда. Акыркы 50 жылдын ичинде алар 30% га кыскарды. Климаттын өзгөрүшү дарыялардын агымынын азайышына алып келет. Борбор Азиядагы суу ресурстарынын жалпы көлөмү жылына орточо 127 куб километрди түзөт. Бул биздин ресурс. Мындан ары болбойт, бирок кыскарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошол эле учурда аймакта сууга болгон талап тынымсыз өсүп жатат. Экономика тез өнүгүүдө. Калктын саны өсүүдө. Бул жерде урбанизациянын темпи дүйнөдөгү эң ылдамдыктардын бири. Афганистандагы Кош-Тепа ​​суу каналынын курулушунун натыйжасында суунун тартылып кетүү коркунучу бар. Мындай кырдаалда биздин баамыбыз боюнча, 2028-2029-жылдары Борбор Азия суунун туруктуу өнөкөт тартыштыгына дуушар болот. Дефицит жылына 5тен 12 куб километрге чейин жетет. Суунун болушуна карабастан, суунун өнөкөт тартыштыгы боло берет.

Ошондуктан, бул маселени чечүүгө 4-5 жыл убакыт бар.

Аймак мындай кырдаалга даяр болушу керек. Сууну үнөмдөөгө өтүү бирден-бир чечим болуп калды окшойт. Менимче, 2023-жыл Борбор Азияда кандайдыр бир “суу тазалануусу” болуп калды. Региондун бардык мамлекеттери суу темасынын маанилүүлүгүн терең түшүнүп, аны мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары көтөрүштү. Казакстанда өзүнчө Суу чарба жана ирригация министрлиги түзүлдү. Казакстан менен Өзбекстанда ири мамлекеттик программалар бекитилди. Аларда сууну үнөмдөө, сууну эсепке алууну санариптештирүү, каналдарды жана суу сактагычтарды куруу жана модернизациялоо, заманбап ирригацияны өнүктүрүү каралган. Бул негизинен маселени чечет. Акыркы бир жылда мен бул темада оптимист болуп калдым.

ЕАӨБ ошондой эле аймакка ирригациялык жабдууларды өндүрүүнү өнүктүрүүнү жана ирригациялык кластерге кирүүнү сунуштайт. Борбор Азия жыл сайын ирригациялык жабдууларга 150-300 млн доллар коротот, бул дүйнөдөгү бешинчи ири рынок. Анын 98%ы импорттук. Эмнеге акчаңды чет элдик байкеге бересиң? Жеке өнөр жайды түзүү керек. Аймактык рыноктун көлөмү муну экономикалык жактан негиздүү кылат.

— Климаттын өзгөрүшүнө карабастан аймактын туруктуу өнүгүүсүнө кепилдик берүү үчүн региондогу өлкөлөр биргелешип азыр кандай аракет кылып, эмненин үстүндө иштөөсү кажет?

Суу кризисин болтурбоо үчүн Борбор Азияда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аймакта сууну үнөмдөөгө жетишүү үчүн бүгүнкү күндө улуттук жана аймактык негизги көрсөткүчтөрдү белгилөө максатка ылайыктуу десек болот. Учурда ирригациянын натыйжасыз технологияларын колдонуунун жана ирригациялык инфраструктуранын олуттуу начарлашынын натыйжасында сугат каналдарында жана талааларда 43 куб километр суу коромжу болууда. Өнөкөт суунун жетишсиздигин болтурбоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аймак жакынкы 5 жылдын ичинде жыл сайын жоготууларды 2,5% азайтышы керек. Ал эми 2035-жылда жоготууларды 30% кыскартуу шарт. Бул мүмкүн болушунча суунун тартыштыгынын маселесин чече алат.

Керектүү үнөмдөөгө жөнөкөй технологияларды колдонуу аркылуу тез жетүүгө болот. Суу тармагында санариптик технологияларды киргизүү сунушталат. Бул сууну рационалдуу бөлүштүрүүгө, суунун так эсебин камсыз кылууга мүмкүндук берет жана чарбаларды суу менен камсыз кылуунун акы төлөө системасына өтүүнү бир кыйла жеңилдетет. Сууну эсептөөнүн санариптик технологияларын пайдаланууда күтүлүп жаткан суунун коромжусун үнөмдөө жылына 12–15%ды түзөт.

Ошондой эле сугат аянттарын лазер менен тегиздөөнү активдүү пайдалануу сунуш кылынат. Бул технология айыл чарба өсүмдүктөрүн багууну оптималдаштырууга, сууну коромжусуз бирдей бөлүштүрүүгө, өсүмдүктөрдүн өсүшүн тездетүүгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бороз боюнча сугаруу учурунда жантайыңкы талаада дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 1,3–2,3 эсеге жогорулайт, ал эми суу жылына 20-30%га чейин үнөмдөлөт.

"Кабар" МАБ. Маектешкен Кирилл Степанюк, которгон Мээрим Дүйшөналиева

Пикир

Оставить комментарий