Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Маевка айылында 26 миң эл таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, таза суу 300 метр тереңдиктен чыгарылган.
"Аталган демилгени “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев көтөрүп чыккан. Мындай иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашырылат деп пландап жатабыз", - деп кабарлашты фонддун басма сөз кызматынан.
Пикир
Оставить комментарий