Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Маевка айылында түйүлдүк табылды. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, түйүлдүктү жергиликтүү тургундар таап алышкан. Милиция окуя болгон жерге келген.
Түйүлдүк 4-5 айлык экендиги аныкталган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн териштирүү иштери уланууда.
Пикир
Оставить комментарий