• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Май куючу жайда ээнбаштык кылган айдоочуга айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Май куючу жайда ээнбаштык кылган айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда май куюучу жайлардын биринде BMW үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу атайын автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын Басма сөз кызматы издөө иш-чараларын жүргүзүп, авто унаанын ээсин таап, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.

ЖКККББнын Басма сөз кызматы жарандардан эгерде көчөлөрдөн жол эреже бузуу фактыларына күбө бөлсөңүз 0777 102-102 ишеним номуруна жөнөтүп коюну суранат.

Пикир

Оставить комментарий