• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Майдагы эс алуу күндөрү. “Унаа” мекемеси кандай график менен иштерин билдирди

Коом 0

Бишкек, 29.04.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1,5,6 жана 9-май күндөрү “Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү жана секторлору иштебейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымтка ылайык, 7-8-май күндөрү унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:

  • Бишкек шаары Б. Алыкулова көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан, Батышбөлүмү;
  • "РИОМ-Авто" автобазарында жайгашкан, Регион аралык бөлүм;
  • Ош шаары Көкүм-Бий көчөсү, 168 дарегинде жайгашкан Ош-2 сектору ("Жапалак" унаа базарынын жанында);

Жогорудагы көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн бардыгы саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт, саат 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу болот.

Белгилей кетсек, 1,5 жана 9-май күндөрү Кыргызстанда эс алуу күндөрү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий