• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Майлуу-Суу шаардык милициясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгында атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Майлуу-Суу шаардык мэриясынын тил жана дин иштери боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Д.Джабарова, Борбордук Азия колледжинин студенттери жана өздүк курам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эне тил боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, бир катар баяндамалар жасалды. ШИИБдин кызматкерлери жана студенттер көркөм окуп, Манас айтып, комуз күүлөрүн чертишип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Айта кетсек Эл аралык эне тилдин бир айлыгы февраль айынын башынан тартып милиция бөлүмдөрүндө белгиленип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий