• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Майрамга карата чакырылган чет өлкөлүк ырчыларга эч кандай гонорар төлөнбөйт– Орунбеков

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. 31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата чакырылган чет өлкөлүк ырчыларга мамлекет тарабынан акча берилбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатка россиялык белгилүү ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик Bosson (автор хита One in a Million) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID келип катышат.

"Алар тууралуу кызыгып сурагандар бар, жооп берип кетейин. Ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар 100 жылдык мааракени куттуктап келишүүдө. Болгону жатаканасын жана тамак-ашы менен гана камсыздайбыз.

Ырчылардын келүүсүнөн дагы кынтык издеп, түрдүү талкууларды жаратып жаткан досторго айтарым, майрамга жакшы маанайда катышып, концерт көрүп кетиңиздер", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардын колдонуучулары майрамга карата чакырылган ырчылардын келүүсүнө каршы болушуп, аларга берилүүчү гонорарды башка нерсеге жумшалса жакшы болмок деген пикирлерин билдирип жатышкан.

Пикир

Оставить комментарий