• 87
  • 90.63
  • 0.79

Майыптардын эл аралык күнү. Борбор калаада майрамдык концерт уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Майыптардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык концерт уюштурулду.

Мэриядан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ХХIV-шаардык көркөм чыгармачылык фестивалынын жана "Күн баарына бирдей тиет" аттуу прикладдык искусство конкурсунун гала концерти өттү.

Майрамдык иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышып жогоруда аталган фестивалдын жана конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, тиешелүү дипломдор жана грамоталар тапшырылды.

Маалымат үчүн: Учурда Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү мекемелеринде 13,7 миңден ашык майыптыгы бар адамдар каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий