• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Майыптыгы бар жарандар өз дараметин ачууга мүмкүнчүлүктөрү болуусу кажет - Эдил Байсалов

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Майыптыгы бар жарандар өз дараметин ачууга мүмкүнчүлүктөрү болуусу кажет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу майыптыгы бар адамдардын иши боюнча кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан социалдык саясаты биринчи орунда турган мамлекет, ал эми кыргыз эли оор турмуштук кырдаалга кабылгандарга, айрыкча майыптыгы бар адамдарга кам көрүүнү билген эл.

“Кол өнөрчүлүк же башка чөйрөдө болобу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өз дараметин ачууга мүмкүнчүлүктөрү болуусу кажет. Аларга бардык кызматтар жеткиликтүү болуу үчүн туруктуу түрдө колдоо көрсөтүлүүсү зарыл. Алар мунун баарын алышы керек. Алар үй-бүлөлүк шартка ылайыктуу шарттарда жашашы шарт. Биз бардыгыбыз мекендештерибиз өз дараметин ачууга максималдуу түрдө колдоого ээ болуусун каалайбыз”, - деди ал.

Ошондой эле Эдил Байсалов өлкөдө социалдык мекемелердин жаңы тибинин жаңы программасы керектигинин айтты.

“Жарым жылдын ичинде биз жаңы программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту, комиссияны түзүшүбүз керек. Мен муну протоколдук тапшырма катары киргизүүнү сунуштайм”, - деп белгиледи Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий