• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте күндүз көчө чырактары күйүкпү? Кабатыр болбоңуз, оңдоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бишкектин бардык төрт районунда тышкы жарыктандыруу тармагын оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошол себептен, күндүзгү убакта кээ бир көчөлөрдө жарыктар күйүп турат.

Свердлов районунда төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде:

- Жибек-Жолу;
- Курманжан-Датка көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин;
- Кумушалиев Салиева жана Көлбаев көчөлөрүнүн ортосундагы;
- Саратов жана Салиева, Кантемиров көчөлөрүнүн ортосунда;
- Фрунзе жана Салиева, Пархоменко көчөлөрүнүн ортосунда;
- Саратов жана Салиева, Веселая көчөлөрүнүн ортосунда.

Биринчи май районунда:
- Дэн Сяопина Месароша көчөлөрүнөн Патриса Лумумбы көчөсүнө чейин. Ал жакта электр өткөрүүчү линияларды монтаждоо иштери жүргүзүлөт;
- «Ак Босого» конушунда жарык диоддуу чырактар орнотулат;
- Абдумомунов, Абдрахманов, Чүй жана Тоголок Молдо кесилишинде электр берүү линияларын оңдоо пландаштырылууда.

Ленин райононунда:
-Маликова Алыбаев жана Гагарин көчөлөрүнүн ортосунда;
- Кулатов, Чортеков (батышка карай), Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Чүй проспектиси Киев менен Манас көчөсүнүн ортосунда;
- Токтогул проспектиси менен Манас жана Турусбеков көчөсү ортосунда;
- Фучик жана Рыскулов көчөлөрү;
- Асаналиев, Л. Толстой жана Алтымышев көчөлөрүнүн ортосунда;
- Алыкулов көчөсүнөн Мурман көчөсүнө карай;
- Орто-Сай көчөлөрү боюнча, Д.Садырбаевден чыгышты карай;
- «Ак-Ордо» конушу (Чолпон көчөсү).

Ал эми Октябрь районунда Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин менен Сухэ Батор, Ахунбаев жана Достоев, Сары-Өзөн, Байтик Баатыр Масалиевден Ахунбаев көчөлөрүнө чейин көчө чырактарына ондоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий