• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Жеңиштин 77 жылдыгына арналган унаа жүрүш өттү

Коом 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда "Жеңиш ырлары" урааны менен "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн авто жүрүшү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акция 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналды.

Автожүрүш КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институту (Бишкек шаары) – Шопоков шаары – Сокулук айылы маршруту боюнча өттү.

Анда иш-чаранын катышуучулары Советтер Союзунун Баатырлары Калыйнур Үсөнбековдун, Дүйшөнкул Шопоковдун жана Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондордун эстеликтерине гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти.

Автожүрүштүн максаты – Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин улуу эрдигин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле өсүп келе жаткан жаштарды Мекенди сүйүүгө жана аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий