Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында "Чычкан" капчыгайы, "Ала-Бел" ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий