• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында "Жылдын мыкты эл өкүлдөрү" сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Жылдын мыкты эл өкүлдөрү" сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 2022-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары жана жетишкен ийгиликтери үчүн "Жылдын мыкты депутаты" диплому менен эл өкүлдөрү Жаннаткан Кебекова , Советбек Калбаев, Ахмед Абдыкаев, Келдибек Орозбаев сыйланды.

Сыйлыктарды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий