• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

КР менен Австриянын ортосунда экология тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев Австриянын Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо, энергетика, мобилдүүлүк, инновациялар жана технологиялар боюнча федералдык министрлигинин алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыгынын жетекчиси Георг Реберниг менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча пикир алмашып, экология тармагында кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси климаттын глобалдык жылышынын терс кесепеттери тоо мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээришине себеп болгонун, мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучун алдын алуу үчүн тоо экосистемаларын коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыктын жетекчиси кыргыз тарап менен практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Австриянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыгы ушул жылдын март айынан бери Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан швейцариялык долбоордун өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий