• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Махачкала: Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы май куйган жайлардын бириндеги жарылуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдришти.

Министрлик Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө мекендештер менен ыкчам аракеттенүү жана өз ара тыгыз байланышта болуу үчүн «Ыкчам линия» телефондору иштеп жатканын эске салат: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285- 50-47.

Белгилей кетсек, Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Дагестан бийлиги Махачкаладагы май куюучу станциядагы жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль бөлүп берүүнү убадалады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, жарылуудан 35 адам каза болду, жабыркагандардын саны 100гө жетти.

Пикир

Оставить комментарий