Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Акыркы эки жылда маданият тармагын каржылоого мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жыл маданият жаатында үзүрлүү жылдардан болду. Быйыл каржылоо 8 млрд 161 млн сомго жетти. Эски имараттар оңдоодон өтүп, спортчулар олимпиададан жемиштүү кайтышты жана республика боюнча камсыз кыла турган заманбап үн күчөткүч жабдуулары, лед-экрандар сатып алынды.
“30-40 жылдан бери көңүл бурулбай келген маданият тармагына акыркы жылдары жакшы көңүл бурулууда. Буга чейин сөз менен гана бүтүрүп келгенбиз. Былтыр мамлекет тарабынан каражат жагынан жакшы көмөк көрсөтүлдү. Мына бул жылы дагы маданият тармагын каржылоого 9 млрд 201 млн сом бекитилип берилди”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий