• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Максүтов: Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү эки мамлекеттин маданиятын бириктирет

Маданият 0


Москва, 20.10.24. /Кабар/. Россияда 18-20-октябрда өтүп жаткан Кыргызстандын Маданият күндөрү эки мамлекеттин маданий байланышын бириктирүүгө багытталган. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү Москва шаарында Маданият күндөрү өтүүдө. 18-октябрда Кыргызстанда жогору алкоолорго ээ болгон кыргыз режиссерлорунун тасмалары көрүүчүлөргө тартуулана баштады. Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын маданият министри Ольга Любимова катышты. Ал эми 19-октябрда кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн өзгөчөлүгү көрсөтүлдү.

"Бир жыл мурда 2024-жылдын 20-октябрында Чоң театрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө сүйлөшүлгөн. Мына эми ошол күн келип, бүгүн искусство, эстрада, кино жана башка маданият өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн өткөрүп жатабыз. Ошондой эле эки өлкөнүн артисттеринин катышуусунда спектаклдер коюлат. Иш-чаранын соңунда чоң симфониялык оркестрдин концерти болот. Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү эки өлкөнүн маданий байланышын бириктирет", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий