• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Максат Мамытканов Бакуда климаттын өзгөрүшүнө арналган тегерек столго катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Күн мурун Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов "Жалпы аймактык климаттык стратегия – Евразиядагы туруктуу өнүгүүгө ачкыч. Азербайжандын бизнес коомчулугу үчүн чакырыктар жана артыкчылыктар" аттуу эл аралык тегерек столго катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Азербайжандын мамлекеттик органдарынын жана бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдары (видеоконференцбайланыш аркылуу), КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле азербайжандык жана россиялык эксперттер катышты.

Максат Мамыткановммтегерек столдо сөз сүйлөп, глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу өлкөлөрдөгү мөңгүлөрдүн ээрүү көйгөйлөрүнө токтолуп, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн тоо демилгелерин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий