Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Россиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов Тюмень облусуна иш сапары менен барды.
ТИМден билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө башкы консул облустун губернатору Александр Моор жана Тюмень шаарынын башчысы Максим Афанасьев менен жолугушуп, анда кыргыз-орус аймактар жана муниципалитеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери жана келечеги талкууланды.
Жолугушууда кыргыз тарап инвестиция, «жашыл» экономика, энергетика (ГЭС), тоо-кен жана жеңил өнөр жай, финансы (банк иши), айыл чарба, логистика, туризм, маданият, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Башкы консул аларды практикалык жүзөгө ашыруу үчүн келерки жылы өз ара иш сапарларды, бизнес-миссияларды, инфотурларды, ошондой эле маданий иш-чараларды уюштурууну сунуштады. Ошону менен бирге Россиянын Тюмень облусу менен Тюмень шаарынын ортосунда Кыргызстандын облустарынын жана шаарларынын бири менен боордоштук мамиле түзүү сунушун киргизди.
Өз кезегинде орус тарап кыргыз тараптын демилгелерин колдорун баса белгилшти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий