• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Максат Тентимишов Урал федералдык университетинин студенттерине лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Урал федералдык университетинин студенттери үчүн лекция окуду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Лекция учурунда башкы консул жаңы Кыргызстандын калыптануу тарыхы, анын акыркы үч жылдагы тышкы жана ички саясаттагы жетишкендиктери, ошондой эле эл аралык аренадагы маанилүү өнөктөштөрү коңшу мамлекеттер менен болгон стратегиялык байланыштары тууралуу айтып берди.

Өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө ырааттуу өнүгүп жаткан кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусу, анын ичинде аймактар аралык байланыштар темасына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара Кыргызстан жөнүндө видеоролик менен коштолду.

Лекцияга эл аралык мамилелер, чыгыш таануу жана чөлкөм таануу багытында билим алып жаткан 60га жакын студенттер катышты. Тема аудиторияда чоң кызыгууну жаратты, студенттер Кыргызстандын тышкы саясатына тиешелүү суроолорду беришти.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, кыргыз дипломаты менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий