Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин 15-16-майда Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады.

15-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Бул күнү сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта өттү. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттешүү чараларын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Анвар Ибрагимдин сапары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтык жана достук тарыхында жаркын из калтырат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде премьер-министр Анвар Ибрагим өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим "Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө" кол коюп, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

16-майда президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы этномаданий программа менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий