• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маматалиев: Ноокат районунда жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ноокат районунда жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Ал маалымдагандай, дыйкандар техника менен камсыз болууда.

"Жазгы талаа иштеринде жарандар посттордон өтө албай калса, анда биз өзүбүз жардам берүүгө даярбыз. Ошондой эле талаа иштерине 15-20дай техника даярдалган", - дейт Маматалиев.

Өзгөчө абал кирген Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдун айтымында, аталган райондо жүгөрү жана пахтаны айдоо кызуу жүрүп жатат.

“Азыркы учурда Кара-Суу району боюнча жазгы талаа иштеринде пахта 250 гектар жерге айдалды. Иштер өз нугунда жүрүп жатат. Техника жана сапаттуу үрөн маселелери да чечилүүдө", - деди Матраимов.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий