Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Ала-Букада ички иштер органдарынын ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ардагерлерге КР ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана баалуу белектер тапшырылды.
Артыкбай Камилов 1927-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келип, 25 жылдан ашуун өзүнүн өмүрүн милицияга, элдин коопсуздугун камсыздоого арнаган. Учурда ал Ала-Бука районунда жашап, 95 жаш кутман куракка чыгып отурган кези. Ал эми Жаныш Арзыматов 10-январь күнү 80 жаш курагын белгиледи.
Ардактуу эс алуудагы ардагерлердин кутман курактары менен Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Ала-Бука РИИБнин башчысы Райымбек Сулайманов баштаган топ куттуктап, бекем ден соолук каалашты.
Өз учурунда аксакалдар алакан жайып ак баталарын берип, келген жамаатка ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Пикир
Оставить комментарий