Мамкатчы Бишкекте өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 21.09.23./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 21-сентябрда, Бишкекте өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумуна катышты.

Форумга ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гюнай Эфендиева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, 11 өлкөнүн илим жана маданият өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоону окуп берди.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Түрк тилдүү элдердин биринчи эл аралык тил форумунун

урматтуу катышуучулары!

Кымбаттуу боордоштор жана кадырлуу меймандар!

Ардактуу окумуштуулар жамааты!

Тектеш түрк элдеринин алгачкы тил форуму 3 миң жылдан ашуун тарыхы бар Кыргыз элининин мамлекетинде уюштурулуп жатканына абдан кубанып турам.

Эң алды менен күнөстүү кыргыз жергесине кош келиңиздер! Арыбаңыздар, урматтуу боордоштор!

Дүйнөлүк тарыхка көз чаптырсак, түрк уруулары, түрк элдери жана түрк мамлекеттери тууралуу айтылбаган мезгил мерчеми жокко эсе десек да жаңылышпайбыз. Жалпы түрк элдери Евразия менен Борбор Азиянын кеңири мейкиндигин тээ байыртадан бери байырлап, узак жол басып, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон эл катары таанымал.

Эл аралык атак-даңкка ээ белгилүү окумуштуулар, тарыхчылар өз эмгектеринде түрк элдеринин ареалынын кеңдигин, саны жагынан көптүгүн, тилдеринин жакындыгын, маданиятынын окшоштугун баса белгилеп, дүйнөлүк алкакта түрк дүйнөсүнүн бекем орду жөнүндө калыс пикирлерин айтып да, жазып да, ортого салып да келишет.

Чынында эле түрк дүйнөсү көчмөндөр цивилизациясын өнүктүрүү менен дүйнөлүк маданиятка өзгөчө салым кошкон. Ата-бабалырбыздын мурас кылып калтырып кеткен көп түрдүү көчмөн маданияты: нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты жалпы түрк дүйнөсү үчүн эң ыйык таберик болуп саналат!

Мына ошол ата-бабалардан калган рухий мурас эң алды тил аркылуу муундан муунга өтүп, бизге жетти. Дал ушул тил аркылуу маданият сакталып, элдин аң-сезими калыптанды. Дал ушул тил элдин ажырагыс биримдигин, бирин-бири толуктап турган бай маданиятын алып жүрүүчү, жайылтуучу, даңктап-даңазалоочу куралга айланды.

Мына ошондуктан, кыргыз эли гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов учурунда: “Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: аны тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек”, - деп бекеринен белгилеген эмес экен.

Азыркы ааламдашуу доору ар бир элди, анын ичинде түрк элдерин тамырын тактоого, өзөгүн сактоого чакырык жасоодо. Бул багытта түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого умтулуп келе жаткан ТҮРКСОЙ, Эл аралык түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, ТИКА сыяктуу бир катар абройлуу мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, өзгөчө Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) маанилүү маселелерди көтөрүп, тыным албай изденип келе жатышат.

Анын ичинде мына азыркы тил тагдырынын бүгүнкүсү, эртеңкиси жана келечегине кабатырлануу менен ар бир элдин тилинин сакталышына кам көрүү үчүн чогулуп жатканыбыздын мааниси абдан терең!

Учурда биздин эне тилибиз да кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жаткан кези. Көптөгөн талкуу, дискуссия, пикир алышуулардан кийин, үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койдум. Натыйжалуу, иштиктүү талкуулардан өткөн мыйзам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Мындан улам, Кыргызстанда жашаган этностордун биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин интеграциялык орду бекемделет деген ишеничтемин.

Түрк тилдүү элдердин алгачкы эл аралык тил форуму боордош калктардын иденттүүлүгү менен уюткулуу өзөктөрүн чыңдоого, маданиятыбыз менен тилибиздин бекемделишине жана өнүгүшүнө шарт түзүп, бир туугандыгыбызды, алака-мамилебизди күчөтөт деп ойлойм.

Форумдун секциялык иш-чаралары боордоштук маанайда өтүп, өз максатына жетерине бекем ишенем.

Бир тууган элдердин биримдигин чыңдоого багытталган ишиңиздер ийгиликтүү өтсүн!

Түрк тилдүү элдердин тил форуму бүгүнкүдөй бир туугандык калыбынан жазбай уланып, алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашсын!”.

Пикир

Оставить комментарий