• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалда

Спорт 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Курени 4:3 эсебинде, анын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Ал эми 1/8 финалда Махмудов египеттик Мохамед Захаб Кхадил менен кез келип, аны 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

Чейрек финалда кыргыз балбаны өзбекстандык спортчу Арам Варданянды жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Ал эми жарым финалдык беттеште Акжол Махмудов япониялык Нао Кусака аттуу спортчу менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту. Ошондой эле дагы бир кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий