• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияларга 10,7 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн курулуш компанияларына 10 млн 725 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан "ПЕРФЕКТ СТРОЙ", "АРАЙ", "Скай Билдингс Инжиниринг", "ХАН СТРОЙ" ("Бренд Хаус"), "Руссотехмонтаж", "Береке Билдинг", "Стальмонтаж плюс" жана ЖЧКлар Бишкек шаарында курулуш иштерин мыйзам бузуулар менен жүргүзгөндүгү, көп кабаттуу турак-үйлөрдү курууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталды. Буга байланыштуу КР Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен каралган берене менен жалпы 10 млн 725 миң сом өлчөмүндө акчалай айып салынды.

Ошондой эле бузууларды четтетүү боюнча аткаруу баракчалары берилди.

Мамкурулуш мындан ары да курулуш эрежелерин сактабаган курулуш компанияларына текшерүүлөр улантылып чара көрүү улантыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий