Мамкурулуш акыркы 5 айда 530 долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2021-жылдын 5 ай ичинде долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 818 даанасы түштү.

Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 530 даанасына техникалык- долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 110 документ каралууда. Ал эми 178 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий