• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жумгалда кытай компаниясы менен биргеликте "Ак-Улак" көмүр кени ачылат

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Жумгал районунда кытай компаниясы менен биргеликте жаңы "Ак-Улак" көмүр кенин ачуу пландалууда.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сүйлөшүүлөргө президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканаларынын жетекчилери жана башкалар катышты.

Министр Ибраев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна болгон иш сапарында "Ак-Улак" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" менен "ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC" компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөнүн жана аталган компания учурда өз ишин баштоого даяр экенин билдирди.

Андан соң жыйындын катышуучулары "ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC" компаниясынын өкүлү менен биргеликте "Ак-Улак" көмүр кенин иштете турган жерге барып, жеринде маалымат алып бир катар маселелерди талкуулашты.

Министр Таалайбек Ибраев аталган компания менен түзүлгөн келишим келечке жергиликтүү тургундар үчүн пайдасы жогору болоорун билдирди.

"Негизги максат "Ак-Улак" участогунда көмүр казып алуунун аркасы менен элге жумушчу орундарды түзүү, компания төлөгөн салыктын эсебинен элдин жашоо шартын жакшыртуу жана аймакты өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле өлкөнүн түндүк аймагын, мамлекеттик мекемелерди жана калкты сапаттуу, жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу болуп саналат. Компаниянын жүргүзгөн ишин “Кыргызкөмур” МИ башкарат. Баардыгы мыйзам чегинде болот", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий