• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

25-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал- Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунун жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Талас облусунда +30…+35, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23…+28 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +33…+35 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий