• 87
  • 90.59
  • 0.87

Мамкурулуш Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун текшерүүдө

Коом 0


Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак-үйлөрдүн курулуш иштери текшерилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Текшерүү иштери агенттиктин директорунун орун басары Бакай Турдугулов баштаган Мамкурулуштун астындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Алар Боронбай 96-98 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн курулуш иштерин жеринде карап чыгышты. Текшерүүдө жашы жете элек балдардын курулуш иштерине тартылганы жана жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу аныкталып, курулушта колдонулган кирпичтердин сапаты боюнча суроолор коюлду. Ошондой эле курулуш нормалары сакталбагандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Тагай Бий" ЖЧКсына административдик айып пул салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талаптар берилди. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториялык текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен курулуш иши убактылуу токтотуу чечими каралат.

Пикир

Оставить комментарий