• 87.86
  • 93.94
  • 1

17-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Эртең, 17-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…3 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүзү -2…3,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…-8 градус суук болушу мүмкүн.

Эртең, Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы –түнкүсүн 8…-10°, күндүз -1…-3° суук болот.

Пикир

Оставить комментарий