• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Мамкурулушта Эл аралык GGGI институтунун өкүлү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Күн мурун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев Эл аралык глобалдык жашыл өсүш GGGI институтунун Орто Азиядагы өкүлү Oyunchimeg Amartuvshin менен жолукту.

Мамкурулуштан маалымдашкандай, жолугушууда кызматташууну бекемдетүү жана Кыргыз станда жашыл кыймылдын принциптерин жайылтуу үчүн маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, GGGI өкмөттөр аралык уюм болуп саналат жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экологиялык жактан туруктуу экономикалык моделге өтүшүн колдойт. GGGIдын эл аралык таанылышы жана статусу бар (Жашыл климаттык фондто аккредиттелген жана жалпы таанусу бар), бул зарыл болгон каржылоону тартуунун ийгилигин жогорулатат.

GGGI`дын штаб-квартирасы Сеул шаарында жайгашкан жана анын төрагасы БУУнун мурунку башкы катчысы – Пан Ги Мун. GGGI өзүнүн ишинин алкагында жашыл долбоорлорго 8,6 млрд оллар инвестиция тарткан.

Пикир

Оставить комментарий