• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мамкурулуш: Жыл башынан тарта 3619 сертификаттоо сыноолору жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4 айында Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” республикалык борборунун аккредиттацияланган лабораторияларынын адистери тарабынан курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 3619 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 517 сертификациялык сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары үстөмдүк кылат. 3102 көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон конструкциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, бардыгы болуп 274 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 112 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 126 республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан:

- 29.01.2010 ж. №18 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Техникалык регламент. Курулуш материалдарынын, бюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу” талабына жооп берген – 235 ш/с берилди;

- ТР ТС 014/2011 “Унаа жолдорунун коопсуздугу” Бажы уюмунун Техникалык регламентинин талабына жооп берген - 2 ш/с берилди.

Өз каалоосу менен ыктыярдуу түрдө сертификаттоо боюнча – 36 ш/с берилди.

Белгилесек, 2020-жылдын аралыгында 74 мекеме 383 ченемдик документтер менен камсыз болуп, 36 инженердик-техникалык жумушчу квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий