• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктары жөнүндө» токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды.

Атап айтканда, кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды:

- Наматов Аман Наматовичке – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
- Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;

- Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Пикир

Оставить комментарий