Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик архитектура, курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.
Ведомстводон билдиришкендей, Ысмайыл Эсеналиев Баткен региондук мамлекеттик архитектура, курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка агенттиктин директору Нурдан Орунтаев кол койгон.
Белгилей кетсек, Ысмайыл Эсеналиев буга чейин аталган башкармалыкта башкы инспектор болуп эмгектенген.
Пикир
Оставить комментарий